www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кош, кекиртеги кенен Абылгазиев өзбектерге берген Керкидан!

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 15:55

Коом


Кош, кекиртеги кенен Абылгазиев өзбектерге берген Керкидан!

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти. Мунун алдында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен бирге Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Өзбек аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин мойнуна алган. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар макулдашуу документтерин толук аягына чыгармайынча Өзбекстан зым тосмолор менен белгилерди коюуга укугу жок болгон. Өкмөт соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө тосмо коюу ишин убактылуу токтотуп турат деп ишендирүүдө.

Керкидан (Керкидон) суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген. 2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83