www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров:"Президент чай берип коеюн десе керек"

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 16:08

Саясат


Азимбек Бекназаров:"Президент чай берип коеюн десе керек"

Коомдук ишмер, Азимбек Бекназаров, "Президент чай берип коеюн десе керек", деп "Фабула" гезитине маек курган.

--Азимбек агай. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин кабыл алуусунда болот экенсиңер. Кандай максатта жолугууну пландап жатасыңар?

--Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул сапар салтты улай түрмөдөн чыккан эки мүчөбүздүн башын куттуктап, баштарына ак калпак кийгизип коёлу деген максатта жолуктук. Бирок ага чейин эле президент бизди жолугушууга чакырган. Демилге биз жактан эмес, ошол жактан чыккан.

--Президент силерди кандай максат менен жолугушууга чакырышы мүмкүн?

--Президент буга чейин деле экс-спикерлерди, экс-премьер министрлерди жолугушууга чакырып эле жүргөн. Бул сапар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн чакырып чай берип коёюн десе керек. Анткени ал өзү да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү да.

--Бирок эл арасында президенттин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукса, Дүйшөн Чотонов менен Текебаевдин сотуна таасир эте турган жагдай түзүлүп калбайбы деген чочулаган кептер айтыла баштады го?

--Президент ким менен жолугаарын билбейм. Мага президенттин аппарат башчысы телефон чалып чакырды. Ошон үчүн барам. Бирок алар Убактылуу өкмөттүн баарын чакырдыбы же айрымдарын чакырдыбы билбейм. Анткени кечээ Текебаев менен Чотоновдун башына ак калпак кийгизген жерге деле Убактылуу өкмөттүн эки мүчөсүн чакырбай коюшуптур. Эмне алар келишкен жок десем, чакырган жокпуз дешти. Ошондуктан ар кандай болушу мүмкүн.

--Президент кабыл алса кайсы маселени көтөрөсүз?

--Мен аны бошотуп кой, муну минтип кой деп суранбайм. "Кумтөрдүн", "Жерүйдүн" маселесин чечкиле деген талап коём. Жеке кызыкчылыкка байланышкан маселени эмес, улуттук деңгээлдеги маселелерге токтолом.

--Баса, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү саясатка жаңы күчтөрдүн келишине каршы болуп, мурдагы былыктарыбыз чукулуп калат деп президентти колго алуу максатында жолугууну пландап жатышат дегендер да чыгып жатат го?

--Убактылуу өкмөттүн былыгым чыгып калат деп корко турган иши жок. Анткени 5-чакырылыштын депутаттары парламентке келээри менен Келдибеков спикер болуп турган мезгилде Убактылуу өкмөттүн ишин иликтеп чыккан түрдүү комиссия түзүшкөн. Алар жалпы Убактылуу өкмөттүн ишине жана ар бир аракетибизге баа беришкен. Күнөөлүүлөрүн аныкташкан. Биздин иш ачык-айкын болгон. Ар бир аракетибиз эл алдында болгон, деген Азимбек Бекназаров "Фабула" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83