www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров жөнөкөй саясий туткун эмес

Кызгалдак Жакыпова 13-сентябрь 2019, 16:18

Саясат


Садыр Жапаров жөнөкөй саясий туткун эмес

Садыр адилеттүүлүк үчүн, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн, ошонусу үчүн түрмөгө камалып, кыйноого алынган, азапка салынган инсан. Орустарда мындай акыйкат үчүн күрөшүп, кыйноого алынгандарды “мученик” деп коет. Садыр Жапаров “мученик”.

Садыр Кумтөрдүн алтыны Кыргызстан үчүн, кыргыз калкы үчүн иштесин деп күрөшкөн. Ошонусу үчүн аёосуз куугунтукталып, соңунда Атамбаев кара мүртөздүк менен көп жылга абакка салган. Балдарын, жакындарын кармап, аёосуз сабаткан, түрмөгө тыккан… Мындай зомбулуктан Садырдын атасы Нуркожо ата 2017-жылы көз жумуп кете берди. Андан кийин апасынын да жүрөгү чыдабады… Жакында уулу Дастан жол кырсыгында жаш өмүрүнөн айрылды…

Бул – күнөөсүз адамды бийликтин кыйноосу, азапка салуусу.

Бул жерде эң акүнүчтүүсү, Атамбаев бийликтен кетсе да Садыр Жапаровдун азапка чөмүлүп, абакта жатканы, коррупциалык Кумтөр аферасынын уланып жатканы, жүз миллиондогон доллар каражаттар Кыргызстан казынасынан кыйгап кетип жатканы…

Бул токтотулууга тийиш. Садыр Жапаров тезинен абактан бошотулууга тийиш. Кыргыз коомунун бетиндеги кара көө жуулууга тийиш… (Садыр Жапаровду 2013-жылы Кумтөргө каршы митинг уюштурганы Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп, Атамбаев соту 2017-жылы 11 жыл,6 айга кескен. Сотто Каптагаев эч кандай барымтага алынбаганын айтып турса да, сот ага көңүл бурган эмес). Бул тууралуу «Жаңы Ордо» гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83