www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 1-бөлүм

Нурбек Айдар 13-сентябрь 2019, 17:08

Адабият


ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 1-бөлүм

Мектепти жаңы аяктап жаткан Үмүтайдын, ал убакта жогорку окуу жайга тапшырганы мүмкүнчүлүгү жок болсо да, бирок келечекте жогорку окуу жайын аяктайм деген аруу тилеги бар болчу.

2004жылдын май айында коңшусу Акжол байке келинчеги менен Москвадан айылга барышты, жакшы иштеп барыптыр, мал жан сатып алды, чегине фундамент куйдурду, мындайча айтканда, акча таап келгени көрүнүп эле турду.

Үмүтай болсо мына-мына мектебин аяктап жаткан учур, бир күнү кечинде айылдын баш тарабында жашаган Эргешбай кемпирин эрчитип, бапылдаган Бердибай баш кылып Үмүтайлардын үйүн көздөй келе жатканын Үмүтай байкап, ары жакта кашка малды саап жаткан апасы Берметке кыйкырды.

- Келиңиздер, келиңиздер, -деди жылмаңдаган Бермет жеңе колундагы чакасын жерге кое салып, Эргешбайдын кемпири Маасыкан эне менен кол алыша өбүшүп конокторду “үйгө кириңиздер” деп чакырды.

    Үйгө кирген коноктор чай үстүндө кеп баштады, “эми Бермет, кызың Үмүтай жалгыз кыз, макул десең өзүңө жакын кылып мообул Эргешбайдын уулу Насипбекке эле келин кылып алып калсак. Кыз бала энесинин жанында болгону жакшы, жакшы кыз өздөн артпайт, кызың акыл эстүү зирек кыз”, -деп сөз баштады ар дайымкыдай бакылдаган Бердибай ак сакал.

Ага сөз кошо Маасыкан эне сөз кошту, “ээси келсе бээсин бер дейт сиңдим, экөөбүз бир элдин, бир жердин кызыбыз. Макул десең кызыңды келин эмес, кыз кылып алайын” -деп суроолуу карады Бермет жеңени.

Коңшу бөлмөдө олтурган Үмүтай эшикти тарс ачып, апасынан мурун жообун берди, “жок, Эргешбай аба, мен азыр турмушка чыга албайм. Өзүңүз билесиз, мен үй бүлөдө эң улуусумун, мага чейинки ата-энемин үч наристеси турбай калганын да билесиздер, артымдагы үч инимди окутушум керек. Апама колуна кол болуп үч-төрт жыл жардам берейин, анан көрө жатаарбыз”, -деп жообун да укпай сыртка чыгып кетти...

Бермет жеңе акырын түшүндүрдү, “урматтуу ак сакалдар, мени туура түшүнгүлө. Кыз каршы болсо, мен эмне демек элем. Анын үстүнө атасы Султандын көзү өткөнүнө араң жыл өтсө, байкуш кызыма кичине эртерээк го. Тагдыр, балким сизге келин болуп бараар”, -деп конокторду жолго салды.

Эртеси күнү коңшусу Акжол Бермет жеңенин үйүнө баш бакты, аздыр-көптүр шириндиктерден ала келген Акжол Үмүтайдын инилерине да ала кирген болчу. Акжол жеңеси менен көпкө чейин өткөн-кеткенди кобурашып олтурду, ал арада ыраматылык Султан агасын эстеп, бир сыйра ыйлап да алышты.

Акжол бир убакта “Бермет жеңе, Үмүтайды мага бериңиз, өзүм менен кошо ала кетейин Москөүгө. Барып балдарыма каралашсын, аздыр-көптүр айлыгын төлөйм, кийиндирем, ичиндирем, колдон келсе бир-эки саатка пол жууганы жумуш да таап беребиз Айжамал экөөбүз”, -деп суроолуу карады.

“Макул Акжол, мен сүйлөшүп көрөйүн, анан бир жообун айтам”, -деп узатты Бермет.

Акжол байкесинин сунушун уккан Үмүтай абдан сүйүндү, себеби Москва десе кулагына башкача угулду. Жаркыраган шаар, эч бир курдашы кийбеген кийимдер, шаардын жарык кечтери, и-и, койчу, балалыктагы ар бир жаш наристенин көз алдына элестетчү шаардын сулуулугун Үмүтай да элестетти.

Ошентип, 2004-жылдын жай мезгилинин башында, Үмүтай коңшу байкеси жана жеңеси болуп көз жашка ишенбеген Москвага карай бет алышты.

Акжол келинчеги жана эки баласына билет алып, өзү Үмүтай экөө “зайчик” болуп жолго чыгышты. Дүгүдүк-дүгүдүк деген поезд акырын казак кең талаасын аралап бара жатты, ар станцияда алма, өрүк, коон, дарбыз саткан казактар, милиция формасын кийген бандиттер, баары аралаш. “Эй, баурым” деп Акжолду ар жакка тартышат, бул жакка тартышат, жолдо жооп берем деген проводник Кубан байкеден болсо кабар жок.

Жол алыстаган сайын Үмүтайдын үйүнө болгон сагынычы күч алды, эмне болгон күндө деле жаш кыз да, кээде ыйлагысы келсе, кээде айланасындагы бака-шаканы көрүп унутуп калат. Бирөөлөр ала сумканы түшүрүп жатканын, дагы бирлеринин үчтөн-төрттөн жинсы шымдарды кабаттап кийип жатканын көргөн Үмүтай эч нерсеге түшүнбөй бара жатты...

(Уландысы бар)

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83