www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 2-бөлүм.

Нурбек Айдар 13-сентябрь 2019, 17:10

Адабият


ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 2-бөлүм.

Дүкүлдөгөн поезд каза-орус чек арасына жетип акырын токтоду, форма кийген чек арачылар биринин артынан бирин, вагондон чыгарбай текшерип жатты, “ваши документы” дегенди уккан Үмүтай эмне деп жооп берерин билбей, Акжол байкесин жалт карады. Аңгычакты эле Акжол өз документине кошо Үмүтайдын документин текшерүүчүгө сунду.

Көпкө ойлонуп карап турган жаш лейтанант акырын “жүрүңүз, мени менен” деп Акжолду  өзү менен алып жөнөдү.

Проводниктин купесине алып кирип, суроо узатты:

- Үмүтай сизге ким болот?

- Байкемдин кызы.

- Анда эмнеге фамилиясы сиздикине окшобойт?

- Коңшу байкемдин кызы, бир тууган эмеспиз.

- Сизге ата-энеси кантип кошуп берди 18 жашка чыга элек кызды?

- Урматтуу лейтенант, колуңузда энесинин нотариустан берген уруксат кагазы турат.

- Орус тилди жакшы өздөштүрүпсүз, сизге ийгилик, -деген лейтенант Акжолду проводниктин бөлмөсүнөн чыгарды.

Ичинен жоону жеңгенсип сүйүнгөн Акжол документтерин колго алып 37-38 орунду көзү менен издеп шашып баратты. Акжолду көргөн келинчеги Айжамал кубанычтуу күтүп алды. Акжол эч нерсе дебедиби, эч нерсе сурабадыбы деген келинчегин суроолуу карады, хм, эмне демек эле, болгону Үмүтайды таштап кетиңиз, карындашыңыз татынакай экен деп айтты,  -деп тамашалай жылмайды Акжол.

Аа, деп таңыркамыш болгон Айжамал, Үмүтайды сен эмес тиги Эргешбайдын уулуна да бербей Москөүгө алып келе жатабыз деп айтпайсыңбы деп какшык аралаш жылмайды Акжолго.

Бир саамга токтоп турган поезд  кайрадан дүкү-дүк, дүкү-дүк деп жолун улады. Айлана жымжырт, бир гана поезддин үнү жымжырттыкты бузуп жатты, бийик-бийик карагайлар гана көзгө көрүнөт. Терезеден кирген салкын аба Үмүтайдын чачын акырын өйдө карай тарап, желбиретип жатты.

А Үмүтайдын оюнда айылда калган үч бир тууган иниси, айрыкча кенжетайы Атакелди. Атакелди деп атаганын да себеби бар, ал атасы Султан көз жумгандан үч күндөн кийин жарык дүйнөгө келген. Окшоштугун айтсаң, тим эле ксерокс аппаратынан чыгаргандай окшош, жүзүндөгү калдары, кирпигинин узундугу, ыраматылык атасынын эле өзү. Мээримин төгүп чоңойткон апакеси, апам эмне кылып жатты экен? Жанынан жылганына үч күн өтсө, Үмүтай үчүн үч кылымдай сезилип жатты. Ой күлүк да, жаңы тууган кара кунаажынын да эстеп бир жылмайып алды. Жана алтын балалыгы өткөн айылы, шарылдап аккан Кызыл-Суу дарыясы, андагы аркы бет, берки бет чуркап ойногон асма көпүрө, шаарга каттачу сары ЗИЛ автобус көз алдына тартылып баратты. Эх, эми сени көп сагынат окшойм деп бир жылмайып акырын одеял менен жүзүн жапты.

Эртең менен саат сегиздер чамасы, жүзүнө күн чагылышып, акырын кытыгылап ойготту. Жанындагы эжелер бака-шака болуп чаар сумкаларын чукулап олтурушат. Ары жакта проводник кыйкырып жатат, тиги тамбурдагы жүк кимдики, канча сумка таможныйдан өттү, ай эми мен эмне кылайын, деп бакылдап поездди жара кыйкырган баягы эле проводник байке жардамчысы экөө жан талашып ары бери чуркайт.

“Үмүтай, кийин карындашым, жетип калдык. Аз калды, Айжамал тур сен да, балдарды кийиндир, жарым саатта түшөбүз поезден. Эх, “тагалар” же ОМОНдор текшербесе экен” деп Акжол сүйлөнүп да алды...

(Уландысы бар)

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83