www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ангинадан абайлаӊыз…

Кызгалдак Жакыпова 14-сентябрь 2019, 10:07

Ден-соолук


Ангинадан абайлаӊыз…

Азыркы мезгилде 3 кишинин бири ангина оорусунан жапа чегип, тамагы ооруп, тамак бездери шишип суудан башка тамак иче албай, ар кайсы дарыларды ичип жүрүшөт.

Ал оорунун эмнеден улам пайда болоорун, дарылоо жолун жана алдын алууну бул макаладан окуӊуз.

Ангинадан жүрөк, бөйрөк жабыркайт.

Ангинадан  муундар, жүрөк, кулак, бөйрөк, лимфа түйүндөрү жабыркайт.

Анда негизинен, бадам сымал без сезгенип жабыркайт.

Ангина — кеңири таралган оору, көбүнчө балдар, ошондой эле 35—40 жашка чейинки чоң кишилер ооруйт.

Аны ар кандай микроорганизмдер, негизинен стафилакокк менен стрептококк пайда кылат. Алар организмге оорулуу пайдаланган түрдүү буюмдардан (мисалы, идиштен) жугат.

Айрым учурларда ангинаны бадам сымал бездердин лакуналарында, ооз көңдөйүндө жана кулкунда дайыма жашоочу  микробдор пайдакылат. Ал микробдор киши үшүпкалса, өтөчарчаса, ар кандай оору менен ооруса, көбүнчө грипптен кийин организмдин коргонуу күчү начарлаганда ангинаны козгойт. Кээ бир кишилер балмуздак жеп, буту сууболуп же муздак сууга түшүп койсо ангина менен ооруп калышы мүмкүн.

Мурун көңдөйүнүн жана анын кошумча коңулдарынын (мисалы, гайморит), ооз көңдөйүнүн (тиштинчириши) сезгенүүлөрү, ошондой эле аденоиддер, өнөкөт мурун бүтүү жана башка мурун менен дем алууну бузуучу оорулар ангина менен бат-бат ооруга түрткү берет.

Балдардын скарлатинасынын чоң кишилердин ангинасы менен жалпы окшоштугу бар. Ангина күз жана кыш мезгилинде көп кармайт. Оору капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышкансып, эч нерсе жуткузбай ооруйт.

Оорунун биринчи күнү оорулуунун эти ысып 38-39° С, кээде 40° Сгажетет, башы ооруйт, шалдырайт, чыйрыгат. Оорунун 2-3-күнү тамактын ооруганы күчөп, акырындап азаят. Ангина демейде 7-8 күнгө созулат.

Ангина катардык (бездерсезгенип, кызарат), фолликулярдык (бездерди майда ириңдүү кебер каптайт) жана лакуналык (бездер бүт ириңдейт) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк кишилерде ангина бир нече жылда бир кармайт. Тез-тез кармаган ангина өнөкөт сезгенүү — өнөкөт тон зил литке өтөт.

Дарылоо жолу

Дарылоону оорулуунун абалына жана ангинанын түрүнө жараша доктур жүргүзөт. Күнүнө 5—6 жолу тамакты чайкоо зарыл. Ал үчүн бор кислотасынын 2 пайыздуу, суутектин өтө кычкылынын 3 пайыздуу, марганец кычкыл калийдин мала кызыл, риванолдун (1 стакан суугабир таблетка) эритмелерин, ошондой эле ромашка менен шалфейди кайнатып колдонсо болот.

Оорулуу төшөккө жатышы зарыл. Оорулуу гавитаминге бай, жылуу жана абдан эзилген тамак (сорпо, бышырып эзилген картошка, суюкботко, кисель) берүү керек, ачуу жана катуу тамак жешке болбойт.

Суюктукту (лимон салган чай, сүт, минерал суусу) көп ичүү сунуш кылынат. Оорулууну мүмкүн болушунча өзүнчө жаткырып, ага идиш-аякты, сүлгүнү бөлүп коюу зарыл.

Тамактангандан кийин анын идишин жууп, кайнатуу, кийимдерин, шейшептерин өзүнчө жууп, үйдү таза кармап, желдетип туруу талап кылынат.

Шилекейди түкүрүү үчүн марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмеси куюлган идишти оорулуунун жанына коюу, оорулууну баккан киши колун бат-бат жууп, дезинфекциялоочу заттар (спирт, атыржана башка) менен сүртүп турушу зарыл.

Ангина - организмдин маанилүү органына жана системасына таасир этүүчү өтө катуу оору. Айрыкча балдарды ангинадан сактоо маанилүү.

Доктурга убагында кайрылбаса, анын көрсөтмөлөрүн так аткарбаса же өз алдынча дарыланса (өзүн-өзүдарылоо), ар кандай кабылдоолорго, нефрит, ревматизм жана башка дуушарлантат.

Алдын алуу

Ангинанын алдыналууда системалуу түрдө организмди чыңдоочу чараларды (муздак суу менен сүртүнүү, куюнуу, аба жана күн ваннасы, спортко катышуу, таза абада сейилдөө жүргүзүү сунуш кылынат. Суукка урунуудан сактануу керек. Ангинаны алдын алууда ага түрткү берүүчү ооруларды өз убактысында дарылоо чоң мааниге ээ.

Самара САЛАМАТОВА

Булак: Багыт.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83