www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов тарабынан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү

Кызгалдак Жакыпова 14-сентябрь 2019, 12:32

Саясат


Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов тарабынан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү

2019-жылдын 12-сентябрында Эгемендүүлүк Сарайында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов тарабынан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамоталарын  тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белоруссиянын башчысы Белоруссия ачык, тынчтыкты жактаган, көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзгөн өлкө экендигин айтып, ошондой эле  саясий таасирине, географиялык алыстыгына жана экономикалык күч-кубатына карабай бардык өнөктөш чет мамлекеттер менен тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошону менен катар, А.Лукашенконун сөзүндө, ар бир дипломаттан мамлекеттер аралык мамилелердин мүнөзү гана эмес, өз ара ишеним жана түшүнүшүү маанилүү деӊгээлде  байланыштуу экендиги белгиледи.

Беларусь Республикасынын Президенти А.Лукашенко Кыргыз Республикасынын Элчиси Эрмек Ибраимовго кайрылып, Кыргызстан Белоруссия үчүн салттуу түрдө маанилүү союздаш жана шериктеш болуп саналарын белгиледи.

Эки тараптуу мамилелердеги артыкчылыктуу милдеттеринин бири бул ЕАЭБтин дараметин пайдаланып, товар жүгүртүүнү өнүктүрүү болуп саналат. «Акыркы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүбүз 2,5 эсеге өсүшү буга күбө»,- деп кошумчалады Белоруссиянын Президенти.

Беларусь Республикасынын Президенти А.Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго эң жакшы каалоолорун багыштап, Кыргызстанга туруктуулукту жана өнүгүүнү каалады, ошону менен бирге, Беларусь Кыргызстан үчүн буга чейин ишенимдүү өнөктөш болуп келгендигин жана  боло берээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83