www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 15-сентябрь 2019, 11:22

Саясат


Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту

14-сентябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукту. Мамлекеттик резиденцияда кечке жуук уюштурулган жабык жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн 12 мүчөсү катышкан. Ал эми Болот Шер ден соолугуна байланыштуу барган эмес.

Жолугушуудан чыккан мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жолугушуу ачык-айкын өтүп, өлкөдөгү бардык маселе талкууланганын билдирди.

Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыр камакта.

Жолугушуунун алдында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак эс алуу багына көчөт тигишти. Журналисттердин суроолоруна жооп берип, президент менен кыргыз саясатынын кечээги, бүгүнкү күндөрүн жана келечегин сүйлөшөрүн билдиришкен.

 Президенттин администрациясы жолугушуу жөнүндө маалымат тарата элек.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсү бар. 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83