www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиев Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 15-сентябрь 2019, 11:30

Саясат


Абылгазиев Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыгы өнүгүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Иран менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр сөзүн жыйынтыктап жатып, кыргыз-иран алакасын кеңейтүү менен эки элдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тереңдээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Иран Кыргыз Республикасын жакын өнөктөш жана дос катары кабыл алаарын белгиледи.

Анын айтымында, иран тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар, ошондой эле башка тармактар боюнча да натыйжалуу өз ара кызматташтыкты кубаттайт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83