www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министр Улукбек Кочкоров эми Республика боюнча жарандарды онлайн кабыл алат

Кызгалдак Жакыпова 15-сентябрь 2019, 16:38

Саясат


Министр Улукбек Кочкоров эми Республика боюнча жарандарды онлайн кабыл алат

Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялап, министрдин графиги тууралуу маалымат берди. 

"Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров – ар жуманын шейшемби күнү Министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алат. Эл арасында социалдык маселелер боюнча министрге жолугууга кызыкдар жарандар арбын. Бирок алыс аймактагылар министрдин коомдук кабылдамасына келүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошого байланыштуу мындан ары министр Улукбек Кочкоров Респубилка боюнча жеринде райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары аркылуу элдерди онлайн түрүндө кабыл алып, арыздарын угуп, аларга ыкчам жардам берүүнү максат кылууда. Төмөндөгү график боюнча жарандар райондук башкармалыктардын байланыш телефондору аркылуу алдын-ала кабылдамага жазылып, министр менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алса болот. Ар жуманын жума күнү эки райондун жарандары менен онлайн баарлашат.

Ош шаары 6-сентябрь, саат 15:00 – 15:40 убактысында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратында. Дина Анарбаева Телефону: (03222)22538

Кара-Суу району 6-сентябрь, саат 15:50 – 16:30,  Куттубек Абдуллаев, телефону 0323250606",-дейт Орунбеков. 

Белгилей кетсек, министр У.Кочкоров буга чейин  социалдык байланыш тармагы аркылуу түз байланышка чыгып, элдин суроосуна жооп  берген жалгыз министр.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83