www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айбек Мырза: “Жер-Үйдө кенинде мамлекеттин үлүшү жок. Бул деген кылымдын аферасы”

Нурбек Айдар 16-сентябрь 2019, 11:02

Коом Экономика Саясат


Айбек Мырза: “Жер-Үйдө кенинде мамлекеттин үлүшү жок. Бул деген кылымдын аферасы”

Биз "Жер-Үй: кечээ, бүгүн, эртең" элдик жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Айбек Мырза менен маектешип, элдик жыйын тууралуу суроолорубузга жооп алдык.

- Сиздер өткөрүп жаткан элдик жыйынды өткөрүүнүн себеби эмнеде?

- Президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеӊештин жыйынында "Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир" деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырганы болду.

- Элдик жыйындын максаты кандай?

- Учурда Жер-Үй алтын кенинде болжол менен 5 миллиард долларлык алтындын кору бар. Тилекке каршы, мында Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок. Бул деген кылымдын АФЕРАСЫ! Экологиялык маселелер - элдин тынчтыгын бузууда. Эл жана мамлекеттик бийлик бир пикирге келип Жер-Үй кенинин маселесин элдин, мамлекеттин пайдасына чечүү.

- Күн тартибинде кандай маселелер каралат?

- Жыйында төмөндөгү маселелерди каралат:

1. 2015-жылы Жер-Үй алтын кени боюнча өткөн сынактын мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү

2. Жер-Үй алтын кениндеги мамлекеттин үлүшү

3. Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башка ар кыл маселелер

- Элдик жыйын качан өтөт?

- "Жер-Үй: кечээ, бүгүн, эртең" элдик жыйыны 1-октябрь күнү саат 11:00дө Талас районундагы Чат-Базар кайрылышында (Үч-Кошкон) өтөт.

- Элдик жыйынга кимдер чакырылат?

- Президентти аппараты, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, губернатор, саясатчылар, жана башка коомдук активистер чакырылат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83