www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Усама Бен Ладендин уулу өлтүрүлдү

Нурбек Айдар 16-сентябрь 2019, 11:30

Дүйнө жүзүндө


Усама Бен Ладендин уулу өлтүрүлдү

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Дональд Трамп да тастыктады.

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу, ушул эле уюмдун жетекчилеринин бири 30 жаштагы Хамза бен Ладен ооган-пакистан чек арасында өткөрүлгөн атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Качан жана кайсы жерде экени так айтылган жок.

Эске салсак, №1 террорчу аталган Усама бен Ладен 2011-жылы өлтүрүлгөн. Ал эми анын уулу Хамза 2015-жылы видео кайрылуу жасап, анда динсиздерге каршы ыйык согушту улантууну жана АКШ баштаган башка да өлкөлөргө жаңы чабуулдарды жасоого чакырган.

Мурда Хамза тууралуу маалымат үчүн АКШ бир миллион доллар сайган эле.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83