www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Максим Бакиевден 3 миллион доллар алганбы?

Нурбек Айдар 16-сентябрь 2019, 13:51

Саясат


Атамбаев Максим Бакиевден 3 миллион доллар алганбы?

Камакта жаткан мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, добуш берүү күнү өз талапкерлигин алып салып элдин кыжырын келтирген эле. АША ошондо бул аракетин Бакиевдердин бийлигине шылтап, штаб башчысы Бакыт Бешимовду “сатылып кетти” деп күнөөлөгөн.

Бирок, АШАнын бул айткандары жөн эле апыртма экенин ошол кезде Атамбаевге буту үзүлгөнчө чуркаган саясатчы Кубанычбек Кадыров “Азаттык” үналгысына жакында эле курган маегинде билдирген. Анын айтымында, АША шайлоо күнү Максим Бакиевге “сатылган”.

“2009-жылы президенттик шайлоо күнү маалымат жыйынды ошол кездеги Атамбаевдин штаб башчысы Бакыт Бешимов өткөрүп, Алмаз Шаршенович талапкерлигин алганын билдирген. Бирок, Атамбаев “Бешимов Бакиевдерге сатылып кетти” деп бизге айта баштаган. Мени менен кеңешпей туруп маалымат жыйынында айтып салды деген. Бирок, Роза Отунбаева “Кубан, мен Атамбаевдин кабинетине кирсем талапкерлигин алуу боюнча билдирүүнү өзү даярдап жатыптыр” деди. Ал эже көрдүм деди. Ошондо Атамбаев Сапар Исаков аркылуу Максим менен сүйлөшүп, шайлоого кеткен 3 миллион доллар чыгымын алгандан кийин талапкерлигин алып салыптыр. Бул Атамбаев бийликке келгенден кийин Сапар Исаковго болгон мамилеси аркылуу деле тастыкталды”, - дейт ал.   

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83