www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Айткуловдун иши сотко өткөрүлдү

Нурбек Айдар 16-сентябрь 2019, 14:34

Коом Кылмыш жана кырсык


Жактоочу Айткуловдун иши сотко өткөрүлдү

Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш ишин Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өткөрүлгөн Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш иши аяктады жана Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Башка иштер боюнча сотко чейинки иштер уланууда, -деп айтылат.

Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИББинин тергөө абагына камалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал бирөөлөрдөн акча алып, кайра кайтарбай койгон деп айыпталган. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилгенин Бишкек милициясы кабарлаган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83