www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Кызгалдак Жакыпова 16-сентябрь 2019, 16:57

Кылмыш жана кырсык


Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 11-сентябрындагы   ПЖ № 127  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.  Бул тууралуу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  11-сентябрдагы   ПЖ № 128  Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна  Саадабаева Чынара Муратбековна  менен  Усакпаева Гүлзат Каныбековна,   Чүй облусунун Москва райондук сотуна Дубанаев Кубатбек Султанмуратович, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна,  Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна Кулмурзаев Манасбек Каримович  менен Самаков Нурмат Талантбекович, Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Абдырахманов Урматбек Аманович,  Чүй облусунун Чүй райондук сотуна Шаршеева Алтынай Чубаковна,  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна Тажибаев Нурбек Рашидович жиберилди.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83