www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артында 3 баласы калды. Каза болгон чек арачы тууралуу эмнелер белгилүү?

Нурбек Айдар 17-сентябрь 2019, 09:27

Коом


Артында 3 баласы калды. Каза болгон чек арачы тууралуу эмнелер белгилүү?

Кечээ, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, жети жоокер жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор. Мындан сырткары жергиликтүү алты тургун да жаракат алды. Жаракат алгандардын баары учурда Исфанадагы райондук ооруканада дарыланышууда.

Чек ара кызматынын маалымат кызматынын билдиришинче, каза болгон чек арачы Равшан Муминов 41 жашта болгон. Ал Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы “Бөрү” отрядынын кызматкери болуп кызмат өтөп жүргөн. Равшан Муминов Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумган. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83