www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылды

Нурбек Айдар 17-сентябрь 2019, 10:09

Саясат Коом


Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылды

Экс-акыйкатчы, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президентке кайрылды. Ал эгер президент уруксат берсе, Баткендеги чек ара маселесин чечип келем дейт.

Кыргызстандын Баткен облусундагы чек араларыбызда кайра-кайра болуп жаткан атышуулар, жаңжалдар боюнча «ЭрК» партиясынын Кыргыз жумуриятынын президенти Сооронбай Жээнбеков мырзага

Коопсуздук жана чек ара маселеси өлкөнүн түштүгүндө эң курч болуп жатат. Жылуу жерде жатып алып эле ордундан козголгусу келбей жаткандарга айта турган сөзүм: Баткен, Лейлек да, Ош менен Жалал-Абад да жалпы мекенибиз. Аларсыз Кыргызстан деген мамлекет жок! 20 жыл мурда ИДУнун можахеддери Кыргызстандын түштүгүнө кол салганда «сакалчандар келип жатат!» деп алыскы Нарын менен Таластын да тургундарынын жүрөктөрү түшкөн. А бүгүн болсо Лейлекте атышуу болуп жатат деп өлкөнүн ал жагына кайдыгер, кош көңүл болуу - кечирилигис чыккынчылык!
1999-жылы мамлекетибиздин биримдиги, бүтүндүгү, элибиздин коопсуздугу, тынч жашоосу үчүн деп өлкөбүздүн эң артта калган аймагын Баткен область деп түзүшкөн.
Бүгүн ар бири өзүнүн колотун эмес, жалпы мекенин ойлонуусу абзел! Бара-бара түштүктү алдырып жиберсек - өлкөбүздү алдырып жибергенге барабар болуп калат. Өлкөбүздүн түндүк жагында көп эле жерлерибизди коңшу өлкөлөргө алдырып жибергенбиз. Эми жер таратуу жарманкени жаппайлыбы?! Анан мамлекети жок элдер сыяктуу бечара болуп жүрүүдөн Аллахым өзү элибизди сактасын!
Урматтуу ажо, туп туура 20 жыл мурда ажобуздун берген ыйгарым укуктарынын негизинде Ооганстан менен Тажикстанга чейин барып сүйлөшүүлөрдүн негизинде Баткен согушунун токтотулушуна, ИДУнун можахеддери кыргыз жергесинен чыгып кетүүсүнө жана туткундагы генералыбыз баш болгон жоокерлерибиздин жана Жапониянын жарандарынын эсен-аман бошоп келүүсүнө Аллахымдын буйругу менен себепкер болгонмун.
Азыр деле ошондой ыйгарым укуктарды Сизден сураймын, урматтуу Шарип уулу Сооронбай! Кыргызстандын атынан коңшулар менен чек ара маселесин жана чек арада жашап жаткан элдердин тынч жашоосун чечүүдө тең ата болуп сүйлөшөйүн. Мекенди сүйүү ыймандан. Аллахымдын буйругу жана Сиздин чечимиңиз менен мекенчилдигимди иш жүзүндө далилдегени даярдыгымды Сизге билдиремин.

«ЭрК» партиясынын лидери,
Кыргызстандын Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси,
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Турсунбай Бакир уулу.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83