www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы ок атышуудан курман болгондор бар

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 10:56

Коом


Чек арадагы ок атышуудан курман болгондор бар

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Asia-Plus жазды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 14 киши жабыркаган. Алар:

-1978 жылы туулган Ж.Б., Моюнунан жаракат алган, абалы туруктуу.

-Жаш бала, О. 12 жашта. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, аты-фамилиясын айта албайт.

-1976 жылы туулган Р.К., Сол бутуна ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1973 жылы туулган У.Р., Оң бутунан жана сол согончогунан жаракат алган. Абалы орто оор, туруктуу.

-1973 жылы туулган Э.Р., Курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1978 жылы туулган А.З., Сол акырегинен октон жаракат алган . Абалы орто оор, туруктуу.

-1998-жылы туулган Т. у Г., аскер кызматкери. Оң бутунан ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.

-1997-жылы туулган М. О., Оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1980-жылы туулган С. Ж., аскер кызматкери. Санынан жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1989-жылы туулган Т. М., аскер кызматкери. Ийиндин үчтөн бир бөлүгү жаракат алган. Абалы орточо оор.

-1992-жылы туулган К. К., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.

-1995-жылы туулган А. У., г.р., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандардыруу бөлүмүндө.

-1989-жылы туулган Т.у Э., аскер кызматкери. Абалы оор.

-1978-жылы туулган М. Р., аскер кызматкери. Каза болду.

Ал эми чек арадагы ок атышуудан тажик тараптан үч аскер каза болду.

  1. 1984-ж.т. чек арачы-комендант, подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич,
  2. 1998-ж.т. катардагы жоокер Исломов Рамазон Ахмадович
  3. 2000-ж.т. катардагы Суванов жоокер Гиёсидин Надмидинович

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83