www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар тобу кыргызга каршы ок атылган жерде

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 11:48

Коом


Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар тобу кыргызга каршы ок атылган жерде

Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын айырмасы, демократиялуу бизге салыштырмалуу Тажикстанда авторитардык бийлик орногон. Ар бир иш канчалаган жылдан бери мамлекет башында турган Эмомали Рахмондун каш-кирпиги менен чечилет. Эгер ал парламенттин депутаттарына оор кырдаалдар түзүлгөн жерге барып келгиле десе, биринен-бири калбай жарышкан бойдон жөнөшмөк.

Кыргызстан болсо демократиялуу мамлекет. Чек арада кан күйүп оор кырдаалдар түзүлүп жатканда парламент депутаттарынын жатып алышы туура эмес. Ошондуктан, оор ахыбал тартып жаткан элге Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жана Таабалды Тиллаев Баткенге учуп кетишти.

Баткен облусунда, Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда эки күндөн бери кырдаал абдан чыңалган бойдон турат. Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетинде ок атышуудан Кыргызстандын бир чек арачысы каза болгонун билдирди. Учурда абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов курман болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83