www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

Нурбек Айдар 17-сентябрь 2019, 13:05

Саясат Дүйнө жүзүндө


Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов өзүнүн IT-сферасы боюнча кеңешчиси Светлана Опенышеваны кызматтан кетирип, ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Анын бул кадамга барышына 55 жаштагы кеңешчисинин шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып, Инстаграмм баракчасына жүктөгөнү себеп болгон.

Маалыматтарга караганда, Светлана Опенышева Азербайжандагы санаторийлердин биринде эс алып жүргөн учурунда шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып Инстаграммга жүктөгөн. Ал сүрөтүнүн астына “Шоколад көп болбойт” деп жазган. Резонанс жараткан бул пост учурда өчүрүлгөн.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83