www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекмамат Осмонов менен Сатыбалды Жээнбеков Акаевдик бийликке каршы аттанган кыргыздын мыкты уулдары эле

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 14:22

Коом


Бекмамат Осмонов менен Сатыбалды Жээнбеков Акаевдик бийликке каршы аттанган кыргыздын мыкты уулдары эле

Бекмамат Осмонов менен Сатыбалды Жээнбековдун буюртма ажалдары өткөн кылымдын аягында бир убакка туш келген. Экөө тең буюртма ажал менен жок кылынган ГКЧП учурунда суу жүрөк Акаев менен Шеримкуловдон айырмаланып КТР  жетекчиси Сатыбалды Жээнбеков ГКЧПга каршы чыгат. Көп өтпөй Акаев менен келише албай Сатыбалды Жээнбеков оппозицияга өтүп, парламентке депутат болот. Ичкиликти оозуна албаган Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Токмокко кеткен күнү үйүндө эки киши болгону аныкталган. Анын бири Катани менен экинчиси Бакыт Бакетаев.

Булардын далилдери бар, ошол күнү ооруканада көз жумган Сатыбалды Жээнбековду бийлик ичкиликтен каза болду деп чыккан. Ичип жүргөн адам болсо мейли, ичпеген адамды минтип айтуу уят. Анын үстүнө бул кылмыш иши жабылып, «Жабылуу аякка» эч ким киришкен жок.

Сатыбалды Жээнбековдун иниси Жусупжан 2005-жылы Жалал-Абадда элдик губернатор болгон. Кийин Таласка губернатор болгон. Ал жерден СДПК аркылуу 2007-жылы ЖКга депутат болгон. Анын уулун жана кесиптеши депутат Руслан Шаботоевди 2008-жылы уурдап көздөрүн тазалаган, анын сөөгү 2009-жылы табылып  буюртма өлүм экени аныкталып, ага заказ берген  Стамкулов деп жүрүшөт. Ал «Өнүгүү» партиясында тайраңдап, шайлоо алдында Сузакта «Бир болго» кол салганы бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83