www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкек шаардык соту баңги сатканга шектелген адамдын баш коргоо чарасын карайт

Нурбек Айдар 17-сентябрь 2019, 14:34

Кылмыш жана кырсык


Бүгүн Бишкек шаардык соту баңги сатканга шектелген адамдын баш коргоо чарасын карайт

Ушул жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги затын сатууга шектелип Роман Пивцов аттуу жаран кармалган.

Өздүк булактар берген маалыматка караганда, Роман Пивцов кармалган учурда анын жанынан 500 грамм гашиш табылып, тартылып алынган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү баңги заттарын даярдоо жана сатуу беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

13-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан Роман Пивцовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга Бишкектеги СИЗОго киргизилген.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы бүгүн Бишкек шаарында каралмакчы.

Эске салсак, кылмышка шектелип жаткан Роман Пивцов мурда да ИИМдин баңгизат сатууга каршы башкармалыгы тарабынан баңги зат сатууга шектелип кармалып, бирок кандайдыр бир себептерден улам жазага тартылбай калган экен.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83