www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генералы кѳп, жоокерлери аз, маршал болгусу келген “Коргоо министри” Тердикбаев каякта?

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 15:15

Коом


Генералы кѳп, жоокерлери аз, маршал болгусу келген “Коргоо министри” Тердикбаев каякта?

Эрлис Тердикбаев генералы кѳп, жоокерлери аз кыргыз аскерин жетектейт. Тынч убакта жөткүрүп чыга калганы менен, азыркыдай кооптуу кырдаалдарда жашынып алабы ким билет дайны жок.

Бирок генерал Тердикбаевдин маршал болгусу келет. Ошондуктанбы, маршал болгусу келген Коргоо мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев жоокерлердин ысымын жатка билет. Керек болсо катардагы жоокер тууралуу «публицистикалуу мемуарларын» жарыкка чыгарган.

Аны менен катар  Коргоо министрлигин офицерлерине ачкыч тапшырам деп үнүн катуу чыгарган жайы да бар. Албетте, жаш офицерлерге ачкыч тапшырабы Эрлис Тердикбаевди теңир билет, бирок жаш жоокерлерге арнаган «мемуарлары» ушул заманда Ак үйдѳн бааланып, сыйлык алышы мүмкүн! Себеби, Ак үй «ийилген» генералдарды жакшы кѳрө баштады. Андан көрө Эрлис Тердикбаев ушундай кооптуу убакта элди коргобойбу? Же Эмил Бусурманкуловдун кадры болсо эле өз жанын коргойбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83