www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: Кашкар Джунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугу багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 15:17

Кылмыш жана кырсык


ИИМ: Кашкар Джунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана  жарандардын коопсуздугу багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда

ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында   абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук тартипти камсыздоо менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кошо чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Министр, чек арадагы  абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи. 

Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.  Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө  болушат. 

Азыркы убакта  милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83