www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бышып калган» жумуртка Сапар Исаковду Атамбаев кантип пайдаланган?

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 16:06

Коом


«Бышып калган» жумуртка Сапар Исаковду Атамбаев кантип пайдаланган?

Мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков «бышып калган» жумуртка сыяктуу президентти көздѳп жылып келаткан. Албетте, ал жөн эле чыга калган жок. Алгач аны сигарети менен ааламга таанылган, экс-тышкы иштер министри, Сансызбай Иманалиевдин уулу Мурат Иманалиев деген Кытайга  кыргыз жерин алып берген жигит көтөрмөлөгөн. Ага деле жакшылык кылбады.

Андан соң аны дагы бир экс-тышкы иштер министри, азыркы Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов колдогон, бирок аны Атамбаевдин учурунда «кидать» этип кеткен. Максим Бакиевге жакындап  «Манас» аэропортундагы авиакеросиндер  аркылуу миллиондор менен досторун баккан Сапар капчыгынан акча төлөп кайтарылып жүргөнүн УКМКнын өкүлү да билбейт. Кийин коммерциялык уюм кайтарган Сапар Исаковду бюджеттин эсебинен «жан сакчылар» кайтарып калган.

2009-жылы 23-июлда президенттик шайлоодо Максим Бакиев менен Атамбаевдин бир топ миллиондорду берип ортого түшүп, Атамбаев дал шайлоо күнү талапкердигин алып, далай кыргыз жигиттерин күйдүрүп кеткен дешет. Ошондон улам Атамбаевге жагып «балашка» эмес «Сапарушка» деген наам алып кызмат тепкичинен тез көтөрүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83