www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирия маселеси тууралуу үчтүк саммиттен биргелешкен маалымат билдирилди

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 16:27

Дүйнө жүзүндө


Сирия маселеси тууралуу үчтүк саммиттен биргелешкен маалымат билдирилди

Түркия  - Орусия  -  Иран үчтүк саммитинин биргелешкен маалыматында Сириянын эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги жана жеринин бүтүндүгү менен БУУнун принциптерине берилгендик баса белгиленди. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыккан.

Сирия маселеси каралган үчтүк саммит президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында өткөрүлдү. Саммиттин акырында жарыяланган биргелешкен маалыматта Сирияда террор менен күрөшүү деген темада аянтта жаңы реалдуулуктун жаратылышына байланыштуу бардык демилгелердин четке кагылгандыгы билдирилди.

Лидерлер тарабынан Сириянын түндүк чыгышындагы коопсуздук жана ыраттуулуктун эгемендик менен жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн негизинде түзүлө алары баса белгиленди.

Лидерлер АКШнын басып алган Сирия Голанына байланыштуу эл аралык мыйзамды бузган жана аймактык тынчтык менен коопсуздукту коркуткан чечимин айыпташты.

Маалыматта Израилдин Сирияга карата аскердик кол салууларынын ырааттуулукту, өлкөнүн эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүн бузгандыгы жана аймактагы абалды күчөткөндүгү билдирилди. Күч алуунун улантылышынын жыйынтыгы катары аймактагы жана тегерегиндеги адамзаттык абалдын дагы да начарлоосунан тынчсыздангандыгын билдирген лидерлер эреже бузууларды азайтуу үчүн так кадамдардын ташталышы тууралуу макулдашышты.

Лидерлер Сирия келишпестигине аскердик чечүүчү жолдун табыла албай тургандыгын, бир гана сириялыктардын жол башчылыгында жана үй ээлигинде, БУУнун жеңилдетүү аракети менен саясий процесс жолу аркылуу акырына чыгарылышы тууралуу ишеничтерин такташты.

Маалыматта Ирандын президенти Хасан Руханинин чакыруусу менен кийинки үчтүк саммиттин Иранда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылгандыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83