www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

Нурбек Айдар 17-сентябрь 2019, 17:18

Дүйнө жүзүндө


Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

Норвегияда балыкчылар таң калычтуу балык кармап алып, кууруп жеп алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, норвегиялык Оскар Лундаль аттуу балык кармоо боюнча гид кардарлары менен палтус балыгын кармоо үчүн деңизге чыккан. Туристтер Түндүк деңизиндеги Аннейа аралына жакын жерде балык уулап жатышкан. Лундаль кайырмагына бир нерсе түшкөнүн байкап, кылды тарта баштаган. 800 метр тереңдиктен балык уулап жатышкандыктан, кайырмакка түшкөн балыкты чыгарууга жарым саат убакыт кеткен.

Качан гана суудан таң калычтуу жаныбар чыкканда, балыкчылар ооздорун ачып отуруп калышкан. Кайырмакка түшкөн балык өтө деле чоң болбогон менен, анын көздөрү өтө эле чоң болгон.

Гиддин айтымында, балык басымды көтөрө албай өлүп калган. Ошондуктан ал балыкты үйүнө ала барып кууруп жеп салган. Айтымында, бул балыктын даамы тресканыкына окшош, бирок, бир аз даамдуурак экен.

Эксперттердин айтымында, балыкчынын кайырмагына европа химерасы түшкөн, бул балык акуланын алыскы тууганы болуп эсептелет.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83