www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан чек арадагы чырдан үч жоокери өлгөнүн тастыктады

Айдар Нуралиев 17-сентябрь 2019, 18:27

Дүйнө жүзүндө Саясат


 Тажикстан чек арадагы чырдан үч жоокери өлгөнүн тастыктады

Тажикстан 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктады. «Азаттыктын» тажик кызматы бул маалыматты 17-сентябрда Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов ырастаганын жазды.

Ал телефондон кыска гана маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан. Алар: Овчи-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов (19 жаш).

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов каза болду.

Андан тышкары дагы 13 киши жаракат алып, алардын 10у бүгүн Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты https://www.azattyk.org сайты жазып чыкты. 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83