www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Кайтар дүйнө"

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2019, 19:25

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Кайтар дүйнө"

20 жашымда мени таштап кеткен жигитке баш тегеретме окуттуруп койгон элем. Анан көзү ачыктын көрсөтмөсү боюнча, дубанын таасири жигитке тийүүсү үчүн бир жума бою түн бир оокумда киши көзүнө чалдыкпай, ээн, тынч бөлмөдө шам жагып, маңдайына сүрөтүн коюу менен экөөбүздү бириктире турган дубаны окугам.

Бул тууралуу жан кишиге айткан эмесмин. Ошондон кийин жигитим мага кайра кайтып келген, бирок үч айдан кийин биротоло урушуп кеттик. Көзү ачык аял дубаны маал-маалы менен кайталап окуп турса, жигитим эч кайда кетпестигин эскерткен болчу.

Арийне, мен аны кайталап жасаган эмесмин. Азыр жашым 31де. Акыркы 11 жылдан бери жеке турмушумда көңүлүмдү көтөрөрлүк кубанычтуу окуя боло элек. Кайсы жигит менен таанышпайын мамилебиз узакка созулбайт. Ата-энем да менин тагдырымды онлоп кабатырланууда. Ушу боюнча күйөөгө чыкпай каламбы деп чочулайм.

Айтсаңыздар, али күнгө чейин турмуштан ордумду таппаганыма окуткан дубанын айынан жазаланып жаткан жокмунбу? Канткенде күнөөмдү жууйм? Азыр күч менен бирөөнү сүйдүрүүгө болбостугун түшүнүп, кылган ишиме өкүнүп жатам. 

Адатта дубаны туура эмес окуса же жасаса, ал кайра ээсине кайтып келет. Сиздики да ошо сыңарында болгон. Жигит дубаңыздын туткунунан ийгиликтүү бошонуп кеткендиктен негатив сизге кайткан. Анын жыйынтыгы ошо-никенин кечеңдеши. Андыктан тез арада адиске кайрылып, "курмандык" позициясынан кутулуу максатында энергетикаңызды күчтөндүрүңүз. Адис гана никеге карата сүйүү энергиясын чакырып бере алат жана никеде бактылуу жашашыңызга коргоочу дуба окуйт. Мындан сырткары өзүңүздөгү негативдүү вибрацияны ала аласыз. Ал үчүн 27 күн тынбай эртең, менен ач карын бир эле эмен багына (мырзалардын багы) басып барып, жанына шам жаккандан кийин бардык эркектерден кечирим сурап, аларга колдоочулардан сүйүү сураныңыз. Андан кийин кайыңга (кыз-келиндердин багы) келип, күнөөлөрүңүздү кечиришин өтүнүү менен, үй-бүлөлүк бакыт тилеңиз.

Айта кетчү нерсе, тиленип жатканда шам ор дуна бир стакан сууну кайыңга тийгизип турасыз. Жөрөлгөнү бүткөндө сууну ичип, бакка ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз. Эскертерибиз, ушул күндөрдүн аралыгында эч бир эркек менен ойноп, мамиле күтпөй туруу керек!

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83