www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 08:27

Саясат


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кечээ ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланды.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгендигине байланыштуу өкүнүч билдиришип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен көп пландуу иштерди активдештирүү жана топтолуп калган чек ара маселелерин жоюу тууралуу ойлорун айтышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча эки жактуу колдоону жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгын ырасташты.

Өкмөт башчылар аны менен бирге эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бардык деңгээлде өз ара аркеттешүүнү активдештирүүнү жана чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардын калкы арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырышты.

Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83