www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир "кнопканын" заманы...

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 10:21

Коом


Бир "кнопканын" заманы...

Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына чек ара маселесин чечүү жолдорун сунуштап өтүптүр. Бир окуп, көз жүгүртсөң сөзүндө калет жок! 

“Чек ара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүүлөрү зарыл - жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес.

Чечүүнүн биринчи жолу - СОГУШ. Мындай болсо талаш жерди күчтүүсү алат.

Экинчи жолу - КЕЛИШҮҮ. Мындай жолдо биз дагы, алар дагы кайсы бир талаш болуп турган жерлерден баш тартышыбыз зарыл, бул жерди биз алалы, ал эми бул жерди силер алгыла, же бул жерди тиги жерге айырбаштайлы деп.

Үчүнчү жолу - ушундай болуп талашып-тартышып, түртүшүп кете берүү, ондогон балким жүздөгөн жылдар бою. Бүгүн бирөө жазды эле - дүйнөдө 200гө жакын эгемендүү мамлекет болсо ошонун 70ке чукулунун өз ара чек ара талашы бар деп.

Бул үч жол тең дүйнөлүк тарыхта кеңири жазылган. Тилекке каршы башка жол жок.

Кеп биздин коомчулук кайсы жолун колдойт, мына ошондо. Ошол эле "тез чечкиле!" деп талап кылып кыйкырып жаткандардын ар бири өзүнө суроо салуусу абзел - мен чечсем кайсы жолду тандайт элем деп. Эгерде 2-жолун колдосо, анда "сатып жибериптир, берип жибериптир" дебей өкмөт коңшу өлкө менен кандай чечимге келсе ошого макул болууга туура келет.

Чындык ушундай”, - деген оюн ортого салыптыр коомдук ишмер.

Ооба, чындыгында дүйнөдө далай эки, жада калса бир аймакка үч, төрт өлкө күрөш жүргүзүп келген мисалдар арбын. Ошол эле Россия-Япония ортосундагы Куриль, Англия-Аргентинанын ортосундагы Фолкленд аралдары, Пакистан менен Индиянын ортосундагы талаштуу Кашмир, ж.б.у.с. Бирок алар ачыгына келгенде дипломатия, сүйлөшүү, келишүү жолдорун тандап келүүдө. Себеби, азыркы доордо согуш жолу менен маселени чечүү мурунку замандай кылыч, найза менен бири-бирине кол салуу эмес. Бул доордо бир эле “кнопка” бүтүндөй жер шарынын тагдырын чечип койчу заман...

Булак: NazarNews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83