www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек ара чыры боюнча Атамбаев да үн катты

Алтын Булат 18-сентябрь 2019, 10:39

Саясат


Чек ара чыры боюнча Атамбаев да үн катты

“Кыргыз бийлиги экс-президенттин тарапташтары менен кармашууну токтотуп, учурда курчуп турган өлкөнүн коопсуздугу боюнча маселени чечүү жолун карашы керек”.

Абакта олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мына ушундай билдирүүсүн уулу Кадырбек Фейсбук баракчасында жазып чыкты. 

Анын бул билдирүүсүндө,  мурунку президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Ошону менен бирге тезирээк тынчтык жана туруктуулук орношун үмүт кыларын кошумчалайт. 

“Атам өзүн жакшы сезүүдө. Биз акыркы кабарларды айтып бердик, жакын арада мен ага берип жиберчү адабияттардын тизмесин талкууладык”, -дейт Кадырбек Атамбаев.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев кечээ 63 жаш, Пайгамбар курагына чыкты. Туулган күнүдө ага кичүү уулу Кадырбек жана жубайы Раиса Атамбаева жолугушуп чыгышкан.   

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83