www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Корейлер деле тажиктерге окшоп ата алышат

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 10:37

Дүйнө жүзүндө


Корейлер деле тажиктерге окшоп ата алышат

АКШ президенти Дональд Трамптын жүрөгүнүн сары суусун алган Түндүк Кореянын кожоюну Ким Чен Ын деген бар. Ал ядролук ракеталар чыгарып, ал эмес Орусия президенти Владимир Путинди Владивостокко чейин учтуруп келип тостурат.

Орусиянын аймагына таандык сууларда мыйзамсыз балык уулап жүргөн түндүк кореялык куралчан балыкчыларды кармоо учурунда орусиялык үч чек арачы жаракат алды.

Федералдык коопсуздук кызматынын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, орус чек арачылары Жапон деңизинин Орусияга таандык аймагында жүргөн 13 моторлуу кайыкты байкашкан. Андан кийин 45тей куралдуу каракчы орус чек арачыларын көздөй ок атышкан. Орус бийлги түндүк кореялык 80 браконьер жана эки кайык кармалганын, калганы качып кетүүгө үлгүргөнүн билдирди.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, бул окуяга байланыштуу Түндүк Кореянын элчиси Зин Чжон Хеп Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83