www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди

Айдар Нуралиев 18-сентябрь 2019, 12:54

Ден-соолук Дүйнө жүзүндө


СҮРӨТ - Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди

 Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди. Анын башына “Шайтандын мүйүзү” деп аталган 10 сантиметрдей болгон мүйүз чыгып алган. Беш жыл мурун ал башын уруп алгандан кийин мүйүз чыга баштаган экен. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

74 жаштагы Шьям Лал Ядав мурда чач тарачтарга эле кыскартып жүрө берчү экен да, акыры хирургдарга жардам сурап кайрылганга аргасыз болгон. Индиянын Сагар шаарынын дарыгерлери Ядавтын мүйүзүн кесип салышып, учурда ал айыгып келе жатат. Шишик кооптуу эмес экени айтылган менен, ал кайра өсүп чыгышы мүмкүндүгү бар экен.

Илимде “шайтандын мүйүзү” деп да аталган мындай мүйүздүн пайда болушунун себеби азыркыга чейин белгисиз, бирок, радиациядан же күн нурунан пайда болушу мүмкүн деп айтылып келет.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83