www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Бабановго кошулуп, Жээнбековго «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн кимдерге «суу куюп» жатты экен?

Темирлан Келдибеков 20-сентябрь 2019, 12:15

Эл пикир


Кечээ Бабановго кошулуп, Жээнбековго «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн кимдерге «суу куюп» жатты экен?

Жайнак Үсөн уулунун НТСтен  КТРКга келгенине “майлай турган убак” ѳтүп кетти. Эми Жайнак Үсөн уулу улам-улам эле “ким майлап келет” деп, “камок” жакты жал-жал карай бербей, иштей турган убагы келди. Чындыгы ал Бабановдун НТС каналынан келгенин элдин бары билет. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-марттагы келишиминин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылынын 29-январдагы Указынын  негизинде орусиялык 1-телеканалды Кыргызстанга таркатыш үчүн жылына бюджеттен 10 миллион сом каралганын деле билет. Бирок, факты жүзүндө Россиялык 1- каналдын сигналдарын таратканга КТРКнын экс- башчысы Илим Карыпбековдон колу менен 2016 жылы - 42 млн. 214 974 сом, андан кийинки 2017- жылы - 50 млн. 760 237 сом, 2018-жылы - 50 млн. 167 196 сом. Ошентип баардыгы болуп үч жылда 143 миллион 142 407 сом которулган. Демек, 113 миллион 142 407 сом ашыкча которулган.

Эмне үчүн КТРК жетекчилиги орустарга мынчалык жан тарткан деген суроо туулат. Жообу абдан жөнөкөй. Илим Карыпбеков орустардын 1-каналы менен биргелешкен "ОСОО 1-канал" деген фирма түзүшкөн. Канчалык орусиялык 1-канал көп реклама берсе алардын "ОСОО 1-каналына" ошончолук көп акча түшүп турган. Демек, Илим Карыпбеков Россиялык 1-каналдын сеткасын Кыргызстанда көбөйткөнгө ынтызар болгон. Ошентип акыркы үч жылда Илим Карыпбеков бюджетке 113 миллион 142 миң 407 сом зыян келтирген. Негедир биздин коррупция менен аёосуз күрөшөбүз дегендер Илим Карыпбеков дегенде оңкосунан кетишчү, эми КТРК жетекчиси Жайнак Үсөн уулун таппай жүрүшѳт дейт. Себеби ушул акчалар менен санарипке өтпөдүкпү. Арийне, кечээ Бабановге кошулуп, Жээнбековго «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн Жээнбековго кошулуп кимдерге «суу куюп» жатты экен? Жайнак Үсөн уулу, Бабановду эмес, КТРКны караңыз?!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83