www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турускулов фракция лидерлигинен алынабы?

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 15:02

Саясат


Турускулов фракция лидерлигинен алынабы?

Бабановдун бактысына эшек тепкенсип, ар дайым анын кадыр баркын билбей, сезбей, эшеги суудан "өткөнчөлөр" эле ээрчип алганы кызык эле болуп келет. Азыркы парламентте олтургандардын көпчүлүгү ушул Бабановдун арты менен саясатка келип, ал турсун бактылары ачылып ушул кезге чейин депутат болуп олтурушат.

Аларды атабай але коелу, элге баары белгилүү эмеспи. Акыры, алардын көбү Бабановду таштай качып, оор учурда колдоого келген жок. Акыркы эле Рысалиевдин жасаган жоругу канчалык туура болгонун ким билсин, бирок Рысаливге пайда алып келмек тургай, өз мекендештеринин жемесинен башы чыккан жок. Ага чейин Бабановдун башына түшкөн оор сыноодон пайдалана койгон, эптүү Жыргалбек Турускуловдун аракети да жигиттике жатпаганы жакшы эле коомдо айтылып жүрдү. Акыры адилеттик жеңет окшобойбу, ошондой "арам" ойдо жүргөн бир топтордун аракетине суу себилип, Бабановдун башы сопук иштен чыкпай жүрсө да, андайлардын айрымдарынан жараткан жазаа берип тазалап, калганынын катыгын өзү бере тургансып туру. Айрым уккан маалыматтарыбызга караганда жакынкы аралыкта «Республика Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун фракция лидерлиганен алынып, анын ордуна аталган партиянын жаш, ишенимдүү бир депутаты келээри айтылууда, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83