www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөз адамдын акылын аныктайт

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 15:43

Коом


Сөз адамдын акылын аныктайт

Жакшы мамиле түзүү үчүн, ооздон чыгып жаткан сөзгө да маани берүү керек.

Сөз - бул адамдын оюнун котормосу. Окуп көрсөңүз, биздин ата-бабалар мыкты психолог болгондугуна ишенесиз. Себеби, мындагы психологдордун эми айтканы, кыргыздын эзелки накыл, макал-лакаптарында эле айтылып калган.

Биз, сүйлөп жаткан сөзүбүзгө жана үнүбүздүн басымына анча көңүл бура бербейбиз. Ыплас сөздөрдү көп колдоно баштаганы, алкыш айтуу менен менменсинип сүйлөөнүн айырмасын билбей баратабыз. Бул биздин оройлугубуз менен аң - сезимибиздин жардыланышы эле эмес, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан адамдардын жан дүйнөсү тынч ала албайт жана бакытка балкый албайт. Баардыгы тескерисинче болот. Кыйкырышып жаман-жакшы сөздөрдү айтышуу менен ичибизде терс энергияны топтойбуз. Андан баш оору көп байкалат жана нерв бузулат. Муну менен өзүбүздүн сөзүбүз кайра өзүбүзгө чагылышат (таасир берет).

Аны менен катар эле, акыл менен тилдин байланышы бар. Эгер акыл-эс жайында болсо, сөз да орундуу. Жайында иштеген сак мээ дайыма позитивдүү ой жүгүртөт. Ушундай акылга ээ адамдар - башкаларды сындабайт, шылдыңдабайт, кемчилигин айтып басынтпайт. Тагдырына таарынбайт. Сүйлөгөндө үн да токтоо жана сылык чыгат. Албетте, мындай адам менен баары эле сүйлөшкүсү келет.

Жек көрүү менен сүйлөө - жан-дүйнөнүн чабалдыгынан кабар берет. Статистика боюнча, уруштун 90%ы бирөө жөнүндө жаман айтуудан келип чыгат. Биз баарыбыз - жагымдуу, айкөлдүк менен сөзүбүзгө маани берип сүйлөгөндү үйрөнсөк. Чыгышта ойлонбой сүйлөгөн адамды акыл калчабай эле ой келди сүйлөгөн адам катары баалайт. Ал эми батыш элдери же орустар ойлогон оюн түз айтышат.

Өзүмчүл адамга бирөө жөнүндө да жылуу сөз айтуу кыйын. Көп сүйлөгөн адам - аз нерсеге жетишет. Көп сөз - бок сөз. Аз жана саз сүйлөп, сабырдуу болсо, адам энергиясын да ошончо үнөмдөп калат. Ооздон чыккан сөз — ок менен барабар. Кийин актанып калбаш үчүн, ойлонуп, бирөөгө катуу айтып албоо керек. Эгер, ооздон чыккан сөздүн мааниси так, маңыздуу жана мээримге толо болсо, анда канча «ачуу» сөздөр болсо да жүрөкке тез жетет. Ал сөздөр ачуу эмес, маңыздуу катары кабыл алынат. Ошондуктан, урушса да энелердин сөзү катуу тийбейт. Себеби, алар мээримге толгон жана ак жүрөктөн айтылат. Кээ бир адамдар, өтө эмоционалдуу болушат. Алар адатта ойлонбой шар айтып жибериши мүмкүн. Мына ушундай адамдар, башкаларды көп таарынтып алат жана душманы да көп болот.

Булак: Багыт.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83