www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 16:04

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту.

Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, бардык шаарларда жана айылдарда жаштар футбол ойношорун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук  жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК Президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа  футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, өз ара кызматташуунун болочок пландары тууралуу айтып берди.

Салман бин Ибрагим Аль Халифа дагы ата мекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83