www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Султанбай Айжигитов: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”

Кызгалдак Жакыпова 18-сентябрь 2019, 17:13

Саясат


Султанбай Айжигитов: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”

Баткен областынын экс-губернатору, Султанбай Айжигитов: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган.

--Султан агай, акыркы мезгилде Баткендеги чек арада чыр чыкканы аз келгенсип, маал-маалы менен ок атылып, октон жабыр тарткандар боло баштады. Тирешти жандандырган чырлуу маселени токтотуунун жолу барбы?

--Эгер чек арада маселени азайтабыз, чыр чыгууну алдын алабыз дешсе, сөзсүз “чек ара линиясы” деген түшүнүктү киргизип, чек ара линиясын орнотуш керек. Анткени, чек ара линиясын орнотмоюн, эч качан укуктук талаа болбойт. Антпесе, кырдаал курчуп, маселе оорлой берет. Жок дегенде талаштуу, маселе жаралып, кырдаалды курчутуп жаткан жерлерге чек ара линиясын орнотушубуз керек. Мен муну асмандан алып айтып жаткан жокмун. СССРдин убагындагы административдик чек аранын негизинде чек ара линиясы деген түшүнүк кирип, 92-93-жылкы макулдашуу болгон. Ошонун негизинде талаштуу маселе жаралып жаткан жерлерге убактылуу болсо да “чек ара линиясы” деген түшүнүктү киргизип, убактылуу демаркациялык чектерди коюшубуз керек. Ошого жетишип калсак, маселе жаралган жерге бир эле катардагы чек ара кызматкери келип, мамлекетти түп көтөрбөй эле чечип койгон абалга жетишебиз.

--Кошуна мамлекеттерден чек ара линиясын орноткондор барбы?

--Өзбекстан эч кимди күтпөй эле Баткен облусунда чек ара линиясын орнотуп, торлорду тартып койгон. “Убактылуу чек ара линиясы” - деп. Кийин демаркация, делимитация бүтсө, керек жагына жылдырабыз дешкен. Торлор тартылганы үчүн Өзбекстан тараптан да, Кыргызстан тараптан да мыйзам бузуу болгон жок. Мамлекетти ойго салган чыр деле чыккан жок.

--Баткендеги ок атышууну токтотуп, чыр чыккан жагдайларды алдын алуу үчүн Кыргызстан да, Тажикстан да сестене турган адамдарды өкмөттүн өкүлү кылыш керекпи?

--Андай таасирдүү адамды губернатор кылсак да болот. Анткени, “бардык маселени кадрлар чечет” - деген сез бар. Татаал жерлерге тааныш-билиштерди эмес, иштин көзүн таба алган, тең ата сүйлөшкөн, талапты коё алган мыктынын мыктысын алып келиш керек.

Бир эле губернаторду эмес, акимдерди жана күч органын кызматкерлерин да ошондой тартипте тандаш керек. “Алыс жайгашкан облуска боло берет” - дебей, кадрлардын да кыйындарын, мыктыларын, иштин көзүн таба билгендерин дайындаш керек, деген Султанбай Айжигитов "Майдан.kg" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83