www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колу толо кан болгон АША аянтта туулган күн өткөргөндүн балекетин алабы?

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 10:27

Саясат


Колу толо кан болгон АША аянтта туулган күн өткөргөндүн балекетин алабы?

Мамлекетти талап-тоноп, элибизди бөлүп-жарып, кан төккөн Атамбаев сый-урматка татыктуубу?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга баш ийбей, укук коргоо органдарынын суракка чакыруусун тоготпой, акырында үйүнө барган «Альфанын» кызматкерлерине ок чыгарып, спецназ Усөн Ниязбековдун канына колу жуулуп камакка алынган. 2010-жылы Атамбаев уюштурган революциядагы 90 баланын каны да АШАнын абийиринде!

Ошентип, ал абакта отуруп байкуш көрүнүп атса, чындап эле Атамбаевден жана анын үй-бүлөсүнөн акча үмүт кылып Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина экөө «жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп дагы беш жалданма жүгүрүкчү дүжүр катындардын коштоосунда митингге чыгат имиш. «Биз бийликке баш ийбейбиз, биз акырына чейин турабыз!» деп калп эле чуркап жүрүшөт.

Урматтуулар, силер эчак баш ийдиңер. Силер станциянын акырына келип токтодуңар. Андан ары жол жок! Айланаңарды карагыла, экөөң эле калдыңар. Кодуранова Бабановдун өзүн сүйлөп ырын ырдап колтугунан акырын жылуу жай тапканды көздөп жүрөт. Мискенбаевиңер болсо ачык эле «Атамбаевге чала болот, аны түрмөгө отургузуу аздык кылат» деп чыкты. Орусиянын психдиспансеринде каттоодо турган ыйлаак Темирлан Султанбеков болсо, кайра Москвага качып кетти. Дарыланчу убагы келип калганбы, айтоор, аркасын карабай качты.

Эми силер эмне үчүн же ким үчүн күрөшкөнү жатасыңар?..

«Силер жоксуңар, тагыраагы жок калдыңар! Утулдуңар!. Ушундан улам суроо туулат: «Биз Кыргызстанды талап-тоноп, белчесинен карызга батырып, өздөрү эсепсиз байып алгандарды алпештеп колдой берсек анда кантип өнүгөбүз»? Чын эле кантип Атамбаевди аеого болот? Кайсы кылган жарыткан иши үчүн башынан сылап, урмат-сый көрсөтүп куттуктоого болот?

Алты жыл мамлекет башында туруп өлкөбүздүн тышкы карызын 3 млрд долларга көбөйткөнү үчүнбү? Же чет мамлекеттерден ири долбоорлор үчүн алынган жүздөгөн миллион долларларды өзүмдүк кылып алганы үчүнбү? 2009-жылы эле 200 млн долларга бүтүрүп беребиз деп сунуштаган кытайлык ТВЕА компаниясы АШАнын доорунда ошол эле ТЭЦти 386 млн долларга бүтүрүп атат. Анан кантип 3-4 жылдын ичинде ТВЕАнын кызматы эки эсеге көтөрүлүп кетти деген суроо жаралбайбы? Атамбаевдин убагында ишке ашкан жана башталган ири долбоорлордун баарында ушундай коррупциялык жагдай байкалып турат. Ошон үчүн аны аяйлыбы? АШАнын убагында сын жазган ММКлар жана журналисттер миллиондогон доолорго жыгылганы эсибизде. Ошондо ал журналисттерди аяды беле? Ага каршы сын айткан саясатчылар негизсиз, далилсиз айыптоолор менен камакка алынып, эркинен ажыратылганда аяды беле? Кимдир-бирөөлөрдүн тагдырын талкалап атам деп ойлогонбу? Ойлогон эмес.

Ал эми бийликтен кеткенден кийин да жаңы бийликти үстүнөн башкарып тургусу келгени, ИИМдин тергөө кызматынын суракка чакыруусун тоготпогону, үйүнө барган «Альфанын» кызматкерлерине ок чыгарып, бир спецназдын өлүмүнө алып келгени аеого татыктуу аракетпи? Анан дагы ал коррупциялык иштеринен жазасыз кутулуу үчүн элди бөлүп-жарган аракеттерди жасаганын кандай кылабыз?

Ушунун баарын көрүп туруп Атамбаевди аяп жаткандарга «жол болсун». Аяп гана тим болбостон, аны тим эле баатырларча же бир Кыргызстандын өнүгүүсүңө опол-тоодой чоң салым кошкон кишиче туулган күнүнүн урматына аны коомчулуктун назарын буруп куттуктоо - акылга сыйбаган жорук. Мындай өз өлкөсүнүн, өз элинин кызыкчылыгын керт башынын кызыкчылыгына тебелеткиси келген саясатчыларды аяй берсек, канкорлугуна көз жумуп коомчулукка чыгарып кубаттап, болгондо да аянтта белгилеп куттуктаганга мэрия уруксат бербеши керек! Анда, кийинки муунга биз ушинтип элиңди тоно, жериңди сат, жоокериңди ат! Ошондо сага да мына ушундай эбегейсиз урмат сый болот деген түшүнүктү сиңирген болуп калабыз. 

Тауман Байсултанов

Булак: КабарИнфо

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83