www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Искендер Зулкарнайн тирүүлөй көмүлгөнбү?

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 11:37

Саясат


Искендер Зулкарнайн тирүүлөй көмүлгөнбү?

Жаңы изилдөөгө караганда, Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) шал абалында алты күн жатып, анан көмүлгөн. Улуу кол башчы тирүүлөй өлүккө айлангандан мурун өз жоролору менен эки түн катар ичкилик ичкендиктен Гийен-Барре синдромуна кабылган. Киши бул илдетке кабылганда иммундук системасы мээсинен жана жүлүнүнөн сырткары жактагы нервдерди (перифериялык нерв системасын) иштен чыгарат.

Жаңы Зеландиялык окумуштуу Катерин Холл айымдын мындай тыянакка келишине Искендер Зулкарнайндын денеси өлдү деп тастыкталгандан кийин ныпым бузулбай алты күн бою сакталганы тууралуу маалымат негиз болду. Кол башчы инфекциядан же ичкиликти ашыкча көп ичкенден же киши колдуу болуп өлгөн деген да жоромолдор бар.

Тарыхый маалыматтар боюнча Искендер Зулкарнайндын оорусу эки күндүк үлпөттөн соң башталган. Анын биринчи күнү кол башчы 5,6 литр шарап ичсе, эртеси күнү дагы ошончо шарап ичкени айтылат. Ушул ичимдик дарыядай аккан эки күндүк отуруштан кийин даңазалуу кол башчы ооруп калып, 11 күндөн кийин көз жумган. Жаңы анализде Искендер Зулкарнайн жаны чыкканга чейин алты күн бою шал болуп жатканы боолголонот. Ошон үчүн Жер Ортолук деңиздин ысык климатына карабай, дарыгелер өлдү деп жарыялагандан кийин да алты күн денеси бузулган эмес. Улуу кол башчы б.з.ч. 323-жылы 10-июнда Вавилондо дүйнөдөн кайтып, андан алты күндөн кийин көмүлгөнүн, бирок сөөгү эч бузулбай сакталганын байыркы грек тарыхчысы Плутарх да жазган. Зулкарнайндын кандай өлгөнү жөнүндө жалпысынан беш күбөнүн маалыматы бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Тарыхый жазууларда 32 жаштагы кол башчынын денесинин чириши кечеңдегенине байланыштуу температурасы жогорулап, ичи катуу ооруп, тулкусу шал болгону менен акылы тунук бойдон (сотроз тепия) калганы айтылат. «Александр мурда кабыл алынгандан алты күндөн кийин өлгөнү тууралуу жаңы талкууну баштоо жана тарых китебин кайра жазуу мүмкүнчүлүгүн ортого салгым келди. Анын өлүмүн псевдотаната же өлүм жөнүндөгү жалган диагноздун эң белгилүүсү десе болот», - деп түшүндүрөт доктор. Холл ал саркофактта салганда Искендер Зулкарнайн тирүү болушу ыктымал деп боолголойт.

Дээрлик дүйнөнүн жарымын багындырды деп эсептелген Искендер Зулкарнайн кайсы дарттан көз жумганы жөнүндө так медициналык маалымат жок. Ошон үчүн атактуу кол башчынын өлүмү тууралуу эки миң жылдан ашык убактан бери түрдүү божомолдор айтылып келет. Бул тууралуу "КабарИнфо" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83