www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайран Казакбаев чекист эмесмин деп актанууда. Аны айткан Токтокүчүк, ой... Токон Мамытов да тилин тиштеп турат

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 12:47

Саясат


Кайран Казакбаев чекист эмесмин деп актанууда. Аны айткан Токтокүчүк, ой... Токон Мамытов да тилин тиштеп турат

Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун "республикачы" депутат, саясаттан "безип" жүргөн Бабановдун көздөй досу Руслан Казакбаевди "мурунку чекист" атай коем деп аны коомчулуктун күбүр-шыбырына кабылтты. Ал гана эмес Казакбаевди учурда өзүнүн жанында эле жүргөн кесиптештери "шексинип башкача көз караштар менен карашууда" деген тамаша-чыны аралаш кептер кетти.   

Бул учурда депутат Руслан Казакбаев айрым маалымат каражаттары аркылуу "Токон Мамытов эмнеге антип айтканын түшүнбөйм. УКМК менен Тышкы иштер министрлиги иш боюнча бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ошол себептен мени "чекист-кесиптеш" деп айтты окшойт" дегендей актанууга өттү. 

Депутатты "мурунку чекист" атаган акыйкатчы Токон Мамытов андан өтүп айткан сөзүн өзүнчө эле чечмелөө менен убара.

Акыйкатчынын "тилин тиштеп" чечмелөөсүнө карасак, ТИМ менен УКМК СССР мезгилинен бери эгиздердей, экөөнүн тең негизги алек болчу иши - маалымат. Ал гана эмес журналисттер да жогорку "эгиздердин" иниси болуп кетет экен. Мурунку Тышкы иштер министри, азыркы депутат Руслан Казакбаев мурда-кийин Улуттук коопсуздук кызматта иштебептир.

Ай ким билет, ким билет...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83