www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 13:30

Саясат


“Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рүстенбековго коомчулуктун нааразычылыгы байкалды. Эки тарап ок атышып, жоготуулар болуп жатса эмнеге тымпыят?

Эмесе, бир мисалга токтололу. Эркиндик бульварында талаасын араң көтөргөн, коммунисттик идеологияга сугарылган чалдар отурат эмеспи. Кечээ ошолордун бирөө быкшып күлүп, “Рүстенбеков ордунан оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүтүп калып атпайбы. Ал Акаев доорунан бери эле ушундай, курсагы тойгон жердин ырын ырдай берет. Анан кантип Кыргызстандын чек арасына күймөк эле?” дейт.

Карап көрсөк, чын эле Жаныш Рүстенбеков эгемендүүлүк алган жылдардан тарта аттан түшпөй, улам келген президенттин тилин таап, эң болбоду дегенде кошуна өлкөлөргө элчи болуп келатат. Же кыйраткан иши болсочу? “Карааны бар, кадыры жок” дегендей, тыйынчалык да кыргыз элине пайда келтирбесе, анда Тажикстанда элчи болуп эмне отурат? Сыйы менен эле кетип калбайбы? 70ке чыкканда тил укпай… Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83