www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДПнын жоголгон мөөрү. Курсагы жулмаланган коенек. Шыбыраган блондинка... 

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 15:54

Саясат


КСДПнын жоголгон мөөрү. Курсагы жулмаланган коенек. Шыбыраган блондинка... 

Депутат Карамушкинанын айтымында, КСДПнын мөөрү жана документтери өлкөдөн алдын ала чыгарылып, чет жерге ишенимдүү бекитилиптир.

Бул Кыргызстан тарыхындагы партия түзүмүнөн жаңы баракча! Бул тууралуу эми кино тартса да болчудай: түн, сыртта жаан, эшик тыкылдайт, пароль... “Форум, буйрутма бербедиңиз беле?” Жооп: “Бергенбиз, бирок, жазга жакын!”

Эшик акырын кыйчылдайт. Бөлмөдө лампанын тажатма жарыгы. Блондинка аял чарчаңкы кебетесинде сумкесинен оюнчук коенду алып чыгып, анын курсагынын жүндөрүн жулмалап КСДПнын мөөрүн алып чыгат. Блондинканын жанындагылар үнсүз гана аны кучакташып, көз жаштарын сүртүп чайга олтурушат.

- А КСДПнын Уставынын түп нускасын Казандагы биздин волонтер Түркиядан алып келет.., - блондинка акырын гана шыбырап үн катты. Мындай азил-чыны аралаш пикирин Алмазбек Акматалиев социалдык баракчага жазды. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83