www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2019, 18:35

Расмий кабарлар


Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин тапшырмасы менен сот-укуктук реформанын максаттары жана милдеттери үчүн тышкы жардамды колдонууну жакшыртуу маселелери боюнча түзүлгөн координациялык аянтчанын базасында сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда азыркы практикалар анализденип, сот-укуктук реформа чөйрөсүндө тышкы жардамды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ачыктыгы жана отчеттуулугу, долбоорлорду кайталабоо, кабыл алып жаткан тараптын өнүгүү приоритеттерин сыйлоо маселелери талкууланды.

Тышкы жардам маселелеринде мамлекеттик органдар ортосундагы ички координацияны жакшыртуу, аны пландоо, улуттук стратегияларга жана программаларга шайкештиги жана ошондой эле эл аралык, донорлук уюмдар менен аракеттенишүүнү бекемдөө, керектүү координациялык аянтчаларды түзүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сот-укуктук реформанын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн өз багыты боюнча донорлор менен аракеттенишүү жана алардын ресурстарын тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун натыйжасында бул багыттагы жумуштардын координациясын жакшыртуу боюнча кошумча чаралар белгиленди.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83