www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азаттыктан” Мадумаровдун тажик менен согушууга чакырганы Венера Жуматаевага жуда жаккандай

Темирлан Келдибеков 20-сентябрь 2019, 12:05

Коом


“Азаттыктан” Мадумаровдун тажик менен согушууга чакырганы Венера Жуматаевага жуда жаккандай

Мадумаров жана Жуматаева

“Азаттыктан” Адахан Мадумаров өзүнө кир жугузбай тажик менен согушушубуз керек же токтомго кол коюшубуз керек эле деген ой-пикирин улам-улам тоту куштай кайталап жатты. Бул ою “Азаттыктын” төбөлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда андан түрдүү баалуу белектерди (хансарай, кымбат баалуу машина жана башка), андан сырткары айына 10 миңден 15 миң долларга чейин «айлык акы» алып турган Венера Жуматаевага майдай жаккандай. Буга чейин ага Алмазбек Атамбаев убагында Бишкек шаарынан баасы 350-400 миң АКШ долларын чапчыган хансарай белек кылганы, аны Венера айым уулу Эрмек Жуматаевге каттатып койгону тууралуу маалымат булактары жазып чыккан.

Венера айымга Мадумаровдун таймашы абдан жаккандай. Мадумаров буйтагысы келди эле вице-спикер Мирлан Бакиров эч буйтатпай койду. Тажикстанга берилген 104 гектар жер мурун эле Акаевдин заманында Баткен облусунун ошол кездеги губернатору Аскар Шадиев тарабынан берилген, ошондуктан Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип бара жатат. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар, Максат - Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси Тажикстанга өтүп кеткен. Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. 2000-жылга чейин эле кыргыздын аймагы болуп келген мына ошол жер тилкелерин тажиктер ээлеп алган.

Мадумаров келишимге эмес, токтомго кол койгон

Кыргызстандын 104 гектар жери Тажикстанга кантип өтүп кеткени тууралуу кеп аягына чыга элек. Аскар Акаевичтин президенттик маалында 2004-жылы июнь айында эле Акаевдин «сүйүктүү эркеси», Баткен облусунун ошол учурдагы губернатору Аскарбек Шадиев менен Шадиев тоңкой десе тоңкойгон, оңкой десе оңкойгон кол баласы Баткен районунунун ошол кездеги акими Болот Алиев менен колду коюшуп, өз жерин берип жаткансып Тажикстанга 104 гектарды өткөрүп беришиптир. Кудайды да теңине албай калышкан «акаевчил» Шадиевдер «Мыйзам –бул буйлалаган төө» -дешип, эч кандай мыйзамды тоготушпай, «өздөрүн өздөрү билишип, өтүгүн төргө илишип» мындай жүзү каралык мыйзамсыз иштерге барышкан. «Кылмыш кырк жылда билинет» дейт, кырк жыл эмес жергиликтүү эл ошондон бери кан-какшап жүрүп, 15 жылда бул мыйзамсыз иш белгилүү болду.

Шадиевдин мындай эркелигин мыйзамдаштыруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын макулдашуусун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы Бишкек өз кызыкчылыгын унутуп калат. Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттенмесин алган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган. Бул кезде Адахан Мадумаров вице-премьер эле бул жерге киришкен эместир.

Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согди облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 50 жылга ижарага берген.

Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын толук аткарып 104 гектар мурун Шадиев берген жерди бергени менен Дүйшөмбү бармагынын учун көрсөтүп, 5 гектар жерди берген эмес.

 

6 миллион 300 миң еврого айланма жол курулган

 2008-жылы 26-ноябрда эки тараптын коопсуздук кеңешининин катчылары кол койгон токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келет деп көрсөтүлгөн. Мына ошол кезде коопсуздук кеңешининин катчысы Адахан Мадумаров кол койгонум чындык, бирок юридикалык жактан токтом эмнеге жарайт эле деп жатат. Ал эмес эки президент кол коюшкан келишимдер ишке ашпай жатат деп.

Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Тажик тарап бирок бул милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган.

Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган. Бул тилке аркылуу кыргыз тарап Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган.

Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде расмий Дүйшөмбүгө жолдогон кайрылуу катында көрсөтүлгөн. Бирок тажик тарабы маселени чечүүнү создуктуруп, ал сунушту кабыл алуудан да баш тарткан. Жыйынтыгында кыргыз тарабы аталган электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. Бул тажик тараптын экинчи ирет макулдашуунун шартын четке каккандыгы болуп эсептелет.

Макулдашуу шарттары аткарылбаганына карабай, ага өзгөртүү киргизүү боюнча кошумча токтомго 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында кол коюлган. Ушул колду ким койгон? Анда кыргыз тарап Ош-Баткен-Исфана жолунда кыргыз жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүү максатын көздөп, Тажикстандын Чорку айылын аралап өткөн жолду оңдоого уруксат алуу менен гана чектелген. Бирок бул жол Тажикстандын миңдеген мигранттары Орусияга чыкчу бирден-бир артериялык автожол экенин кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тажик тарапка эскертип, өзүнүн позициясын коргогон эмес. Макулдашууда тажик тараптын гана кызыкчылыгы бир тараптуу таңууланган.

Сөз аягы

Тажикстанга кеткен 104 гектар жер тилкелери ал жакка толук өтүп кетти деп айтууга болбойт. Анткени, Тажикстанга өтөт деп болжолдонгон ЛЭПти курууга 104 гектар жер берилгени менен Тажикстан жол өтө турган 5 гектар жерди бизге берүүнү ойлоп да койгон эмес.

2009-жылы Лейлекке алып өтө турган электр линиясы үчүн да жер бербей койгон. Тажиктер бизден 5 гектар жерин аяп жатышса, биз эмнеге 104 гектарды баштан садага кылышыбыз керек? Эл аралык конвенциянын негизинде бир тарап өзүнүн милдеттемесин аткарбай койсо, экинчи тараптын ошол келишимди бузуп салууга укугу бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83