www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мээси жайындабы?

Кызгалдак Жакыпова 20-сентябрь 2019, 13:04

Саясат


Мээси жайындабы?

"Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун көңүлүн таап тизмеге кирип Жогорку Кеңештин депутаты болгон Лунара Мамытова деген бар. Дарамет-деңгээли чектелүү болгондуктан, өзүн көрсөтүп иштей албай койгондо, аны Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кылып кутулушкан. Ал жакты дагы тарта албай, пенсионерлер 2-3 миң сомдук пенсиясын чогултуп эл-жер кыдырып саякаттаса болоорун айтып жемеге кабылып иштен кеткен.

Ошол "акылдуу айым" жөн отура албай, "Мугалимдер бир күндө 6 миң сом табышат" - деп "дөөрүп", коомчулуктун тепкисинде калды. Кудум "ал ооз ачпаганда анын акмактыгын эч ким билмек эмес" дегенди далилдеди, - дейт "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83