www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кененди тар кылган Кененбаев, ким президент болсо куда болуп чыгат

Темирлан Келдибеков 20-сентябрь 2019, 14:01

Коом


Кененди тар кылган Кененбаев, ким президент болсо куда болуп чыгат

Акыркы кезде президенттик аппараттын орунбасары Алмаз Кененбаевдин даңгыр жолу кенен ачылды. Максим Бакиев Кененбаевдердин кызын алды. Президент Бакиевдин ордун алган Роза Отунбаевага да Кененбаевдер жакындап кудагый тутуп калышты. Алмаз Атамбаевдин тушунда “тезкасы” Алмаз Кененбаев чап жабышып СДПК фракциясын чимирип, Бишкек парламентинин төрагасы болгучакты мойнунан түшкөн эмес. СДПКчылар бүт кызматынан жыдып бараткан заманда күн кай жактан тийгени белгисиз, Алмаз Кененбаев шак барып президенттик администрациянын жетекчисинин орунбасары  болуп отуруп, өзүнүн шефи Досалы Эсеналиевдин ордун көздөп, апрелчилерди оюнга салып, терең ор казып жатат деген кеп бар.

Албетте, апрелге чейин Бакиевде кызмат кылышып, апрель болор менен терисин тескери кийип Атамбаевде оокат кылышып, элдин жек көрүмүнө айланып бараткан Мискенбаев сыяктуу апрелчилер Досалы Эсеналиевди ушактап тоголото чаап, ордуна Кененбаевди коюуга дарамети жетишет. Арийне, Досалы Эсеналиевдей болушка Кененбаевге канча, муну апрелчилер билишеби же Атамбаевге ушак ташып жүрүп жан баккандай дагы эле жандарын баккысы келип жатабы? Балким, Кененбаев азыркы президенттин куда-сөөгү экен деген былгытма кептин чындыгы бардыр. Эгер чын эле андай болсо анда Кененбаев президенттик аппараттын башчысы болору чындык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83