Аман Аскаров 20-сентябрь 2019, 15:02
Бир-эки күндөн кийин Бишкек шаарында “Кыргызстан” саясий партиясынын съезди өтөөрүн угуп жатабыз. Анда жаңы төраганы дайындоо маселеси каралган. Азыркы жетекчиси Канат Исаев, анын мөөнөтү аяктап жатат.
Баса, шайлоого чейинки убадалары укмуш болчу бул партиянын. Башкасын айтпаганда эле ушул Бишкек шаарында жаңы 500 автобус жана троллейбус ишке берилип, жол кире акысыз болмок. 50 миң орундуу заманбап стадион, 25 миң орундуу концерттик зал курулмак. Андыктан урматтуу мекендештер, 22-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга чамдаңыздар, убадалар аткарылдыбы же жокпу? Ийри отуруп түз кеңешип алсаңыздар болот. Деги, жол кире бекер.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!