www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабановдун кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү менен кандай байланышы бар?

Темирлан Келдибеков 20-сентябрь 2019, 15:28

Эл пикир


Бабановдун кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү менен кандай байланышы бар?

Эки жыл мурун 2017-жылы сентябрда президенттик шайлоо алдында кылмыштуулар дүйнөсүнүн кримтөбөлдөрү Кыргызстанга Бабановду колдойбуз деп самсып келе баштаган. Кыргызстан КМШдагы демократиялуу жана ачык-айкын саясый системасы бар өлкө болуп саналат эмеспи.

Ошону менен катар эле шайлоодо сырткы күчтөрдүн кийлигише кете турганы да маалим. Маселен, Казакстандын жараны, бизге токмоктук «граф» деген каймана ат менен таанымал олигарх Алижан Ибрагимов жана Россиянын чечен улутундагы бизнесмен-олигархы, Өмүрбек Бабановдун жардамы менен «Жерүй» алтын кенин өзүнүн көзөмөлүнө алууга жетишкен Муса Бажаев президенттик шайлоодо өздөрүнүн таасирин тийгизүүгө аракет кылышкан.

Бабановду колдоо үчүн 2017-жылдын сентябрында «Астана-Бишкек» түнкү рейси менен Казакстандын жараны Алижан Ибрагимов «Манас» эл аралык аэропортуна келген. Эми Ибрагимов тууралуу кыскача маалымат бере кетели. Ал 1953-жылы Өзбекстандын Фергана шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келет. Учурда Казакстандын жараны, андан сырткары Улуу Британиянын да жарандыгын алган. «Евразиялык банк» АКСынын президенти, казакстандык ири ишкерлердин бири болуп саналат. Улуту боюнча уйгур.

Анын артынан жеке менчик самолету менен Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына Муса Бажаев келген. Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жерүй» алтын кенинде үлүшү бар. «Жерүй» алтын кени боюнча Ө. Бабанов менен М. Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган. Анын негиздөөчүсү «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» М. Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ошону менен бирге «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Ө. Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатканы чуулдаткан.

Ө. Бабанов менен жолугушууга М. Бажаев жалгыз келген эмес, аны менен чогуу миллиардер бизнесмендер Дагестан республикасынын Дербент шаарынын тургуну С. Керимов, Дагестан Республикасынын Махачкала шаарынын тургуну «Вимм-Билл-Данн» компаниясынын директору. Ал кезде президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов мындай жоругу менен Кыргызстандын Казакстан жана Орусия менен коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк мамилесине доо кетире тургандай саясат жүргүзүп жаткан.

Ал кезде орусиялык жана казакстандык олигархтар «кыргыздын Березовскийи жана Ходорковскийи» деп тааныган Ө. Бабановду түз каржылоого ниеттенгени эмнеден кабар берет? Эми окуяны андан ары улайлы. Ө. Бабанов менен олигархтардын жолугушуусу Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардын биринде өткөн. Бул пансионат А. Ибрагимовго тиешелүү деген кеп бар. Анда Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо маселеси көтөрүлгөн. Ал эми ага «ыраазычылык» катары Бабанов шайлоодон кийин аларга өлкөбүздөгү кен чыгуучу жайларга беш колдорун матырууга уруксат бермек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83